Жалал-Абад шаарында колго жасалган буюмдардын жарманкеси өттү





Бүгүн, 6-мартта Жалал-Абад шаарында кол өнөрчүлөр жасаган буюмдардын жарманкеси болуп өттү. Маалыматка ылайык, жарманкеге Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директорунун орун басары Максат Усубалиев, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жумагүл Эгембердиева жана район-шаарлардын жетекчилери катышышты.
Жарманкеден соң жыйын болуп, анда туризмди өнүктүрүүгө багытталган маселелер талкууга алынып, облустагы туристтик жайларды камтыган видеоролик көрсөтүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

