super.kg logo

Иран тасмалары, телесериалдары кыргыз тилине которулат

 

5-мартта Кыргызстандагы Иран Ислам Республикасынын элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүктө белгилүү кыргыз кино ишмерлери, режиссёрлору жана Ирандын Кыргызстандагы элчиси Али Наджафинин катышуусунда тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Кинематография департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев эки өлкө экономика-саясий жактан гана эмес, социалдык-маданий жактан да тыгыз алака түзөрүн баса белгиледи.

Тегерек столго келген кыргыз тармагында кызмат өтөгөндөр Ирандын кинолору менен таанышып, чыгармачылык пикир алмашуулар болду

Элчи иран тасмалары жана сериалдары коомду гумандуулукка, адамгерчиликке, кичи пейилдикке, ыйманга жана башка оң сапаттарга тарбиялоого чакырып, ошол эле учурда зордук-зомбулук, кылмыштуулук жана жагымсыз көрүнүштөрдү жайылтууга жол бербегендиги менен өзгөчөлөнөрүн айтты. Али Наджафи жакын арада тажрыйбалуу котормочулар тандалып алынып, иран сериалдары кыргыз тилине которула тургандыгын кабарлады. Жай айында Кыргызстанда иран кинолорунун жумалыгы да өтмөй болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.03.2014. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Модар (Эне) деген киносун которушса го, аябай таасирдуу кино.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: