super.kg logo
  Саясат  

"Манас" авиабазасындагы АКШнын 200дөй аскер кызматкери Кыргызстандан чыгып кетти

 

“Манас” аба майданындагы Транзиттик жүк ташуучу борбордо иштеген АКШнын 200дөй аскер кызматкери Кыргызстандан чыгып кетти. Мындай билдирүүнү  аталган борбордун коом менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Макс Диспейн бүгүн, 6-мартта журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, буга чейин авиабазада АКШнын 1400 аскер кызматкери иштеп келген болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 200гө кыскарды. Макс Диспейн мындай кыскартуу аскер кызматкерлеринин жана техникалык персоналдын жайкы мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу экенин билдирди.

Эске салсак, аталган объект Кыргызстанда 2001-жылдын декабрь айында Питер Ганси атындагы борбор деп ачылган. 2009-жылы бул мекеменин аты “Манас” транзиттик жүк ташуучу борбору деп өзгөртүлгөн.

Аталган борбор ушул жылдын июль айынын ортосунда Кыргызстандан чыгарылат. Буга чейин маалымдалгандай, борбордун бир бөлүгү Румыниядагы базага көчүрүлсө, калганы Кошмо Штаттарга ташылып кетмекчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: