super.kg logo
  Саясат  

"Бишкек башкы архитектурасы" шаардагы мыйзам бузуулар менен курулуп жаткан объектилерди таап чыкты

 

"Бишкек башкы архитектурасынын" архитекторлорунан турган комиссия мүчөлөрү Бишкек шаарындагы мыйзам бузуулар менен салынып жаткан бир канча объектилерди табышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алар:

Свердлов району 

1.  Шопоков-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Royal» автосалону 

2.  “Нарын” ресторанынын жанындагы автоунаа токтотуучу жай

3.  Жибек Жолу-181 дарегиндеги кафе

4.  Осмонкул-Абдумомунов көчөсүндөгү "Аль масджит Махмуд Кашгари" мечити

Октябрь району

1.  Ахунбаев-Токтоналиев көчөсүнүн кесилишине курулуп жаткан имарат

2.  Ахунбаев-Ясенский көчөсүндөгү автоунаа тетиктерин сатуучу дүкөн

3.  11-кичи райондогу 17-үй менен 63-мектептин жанында салынып жаткан көп кабаттуу үй

Биринчи Май району

1.  Л.Толстой-100 дарегинде салынып жаткан имарат

2.  Жибек Жолу-388 дарегинде салынып жаткан имарат

3.  Исанов-Сагымбай көчөлөрүнүн кесилишиндеги объект

4.  Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан “Самира” кафесинин жанындагы көп кабаттуу имарат

5. Горький-49 дарегинде курулуп жаткан отель
"Бишкек башкы архитектурасы" тарабынан жогоруда катталган мыйзам бузууларга административдик чараларды көрүү жана аларды тартипке келтирүү боюнча Аламүдүн, Сокулук райондоруна жана Бишкек шаарындагы тиешелүү органдарга кат жөнөтүлдү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: