super.kg logo
  Саясат  

Надира Нарматова Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп шайланды

 

Жогорку Кеңештин 6-марттагы жыйынында депутат Надира Нарматова ("Ата Журт" фракциясы) вице-спикер болуп шайланды. Ага 56 депутат “макул”, 33 депутат “каршы” деп добуш берди. Нарматова “8-Марттын алдында жалпы аялдарга чоң белек тартуу кылганыңар үчүн рахмат. Өлкөнү алдыга жылдыруу үчүн бардык күчүмдү жумшап иштеп берем” деди. Аны төрага Асылбек Жээнбеков куттуктап, ишине ийгилик каалады.  

Буга чейин аталган фракциядан вице-спикер болуп экс-депутат Талант Мамытов (К.Ташиев, С.Жапаров менен кошо мандатынан ажыратылган) иштеп келген. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: