super.kg logo
  Саясат  

Коргоо кеңешинин жумушчу тобу диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты реформалоо боюнча жарандарды бирге иштешүүгө чакырды

 

Коргоо кеңешинин жумушчу тобу диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты реформалоо боюнча жарандарды бирге иштешүүгө чакырды. Бул тууралуу 6-мартта президенттин басма сөз кызматы билдирди.

2014-жылдын 20-февралында Коргоо кеңешинин катчысы Бейшенбай Жунусовдун жетекчилиги алдында болуп өткөн диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты реформалоо боюнча Коргоо кеңешинин жумушчу тобунун  биринчи отурумунун чечиминин негизинде төрт жумушчу топчо түзүлгөн.

Алар:

- 2014-2020-жылдары Кыргыз Республикасындагы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын иштеп чыгуу;

- өз ишмердүүлүгүндө диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жөнгө салуу милдеттенмелери бар мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө функционалдык анализ жүргүзүү;

- диний чөйрөнү жөнгө салуучу мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

- Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ишмердүүлүгүнө анализ жүргүзүү жана оптималдаштыруу.

Коргоо кеңешинин чечимине ылайык, ар бир топчолордун курамына мамлекеттик органдардын, диний уюмдардын, көз карандысыз уюмдардын өкүлдөрү киришти.

Жумушчу топтун маалыматтарына ылайык, азыркы учурда ар бир топчо отурумдарды үзгүлтүксүз өткөрүүдө жана документтердин долбоорлорунун түзүлүштөрүн, мазмундарын талкуулашууда.

Коргоо кеңешинин жумушчу тобу бул маселеге кызыкдар болгон жарандар, эксперттер, диний уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү өзүлөрүнүн сунуштарын gkdr1996@gmail.com электрондук почтасына жиберүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин эске салат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: