super.kg logo
  Саясат  

Алайда 8-Март - Аялдардын Эл аралык майрамы белгиленди

 

Ош облусунун Алай районунда 8-Март - Аялдардын Эл аралык майрамы белгиленди. Бул тууралуу райадминистрациянын басма сөз катчысы Кыялбек Мажитов билдирди.

Майрамдык салтанат райондогу Маданият үйүндө өтүп, ага райондук мамлекеттик администрациянын башчысы Т.Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Ж.Турдумаматов катышты. 

Иш-чарада видеоролик күрсөтүлүп, Ардак грамоталар тапшырылып, баалуу белектер берилди. Андан сырткары райондо биринчи жолу «Алайдын кырк кызы» номинациясы райондогу алдынкы 40 аялга ыйгарылып, алар акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Майрам райондук маданият бөлүмүнүн өнөрпоздорунун концерттик программасы менен коштолду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: