super.kg logo
  Саясат  

Орус тилин билгендер эми Орусиянын жарандыгын 3 ай ичинде ала алышат  

 
Премьер-министр Дмитрий Медведев өкмөттүн жыйынында мурунку СССРдин курамындагы мамлекеттерде жашаган, орусча билген адамдар Орусиянын жарандыгын 3 айдын ичинде алышса болорун билдирди. Бул тууралуу 6-мартта орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. 
Медведевдин айтымында, Орусиянын жарандыгын алуу үчүн башка өлкөнүн жарандыгынан баш тартуу абзел. Орус тилин билген жарандарды аныктоо үчүн атайын сүйлөшүү жүргүзүлөт. Андан ийгиликтүү өткөндөр Орусияга кирүү үчүн атайын виза алышат жана убактылуу жашоого мүмкүнчүлүк алуу стадиясынан өтпөй эле Орусияда жашашса болот. Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору 11-мартта Мамлекеттик Думада каралмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: