super.kg logo

Ош. "Мейманкананын администраторун мыкаачылык менен өлтүрдү” деп шектелип 59 жаштагы адам кармалды

 

“Оштогу мейманканалардын биринин администраторун мыкаачылык менен өлтүрдү” деп шектелип 59 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Ош шаары жана Ош облусу боюнча Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 7-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, 6-март күнү эртең менен Ош шаарындагы “Ак-Тилек” мейманканасынан Өзгөн районунун 48 жаштагы тургуну С.Топчубаеванын жансыз денеси табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө анын денесине 10 жолу бычак сайылганы белгилүү болгон. Ошондой эле жансыз дененин жанынан кат табылган. Анда “ал ошого татыктуу болчу” деп жазылган.

Окуядан көп өтпөй бул кылмышка шектелип 1955-жылы туулган И.Жумабаев колго түшүрүлгөн. Учурда “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кылмышка шектүүнүн мындай ишке барышына кек сактоо себеп болгон. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.03.2014. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын и жамандыктан.кечиримдуу адамды кудайымда суйот экен.кек сактап журуп очун алган экенда.карыганда абакта отот эми атабыз.тиги эженин жайы жаннаттан кылсын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: