super.kg logo

Жер тандабай, эр танда! Бүгүн кыргыз киносу “Түндүктүк келин” кинокомедиясы менен толукталды

 
Тасманын башталышын күтүп отурган көрүүчүлөр.
Тасманын бет ачар аземин куудул Борончу Кудайбергенов ачып берди.
Кызын түштүккө бергиси келбеген эне.
Жигиттин атасынын ролу куудул Рахман Разыковго буюруптур.
"Биз да сага окшоп келгенбиз" деп келинине кеңештерин айтып жаткан "профессор" кайнене Гүлшайыр Садыбакасова.
Тасма көрсөтүлүп бүткөн соң режиссёр Ырысбек Жабиров актёрлор жана тартуучу топ менен тааныштырды.
Тасма көрсөтүлүп бүткөн соң режиссёр Ырысбек Жабиров актёрлор жана тартуучу топ менен тааныштырды.
Көрүүчүлөр актёрлор менен эстеликке сүрөткө түшүп жатышты.
Каармандар өз энелери менен.
Бет ачар аземден соң дасторкон үстүндө тасма тууралуу ойлор жана тартуучу топко, актёр-актрисаларга каалоо-тилектер айтылды.
Дасторкон үстүндө конокко келген аксакалдар чыгармачыл топко ийгилик каалап, бата беришти.

Кыргыз кино тармагы дагы бир тасма менен толукталды. Дегеним, бүгүн, 7-мартта көрүүчүлөр режиссёр Рысбек Жабировдун дагы бир эмгегине, тагыраак айтканда, “Түндүктүк келин” кинокомедиясынын бет ачарына күбө болушту. Иш-чарага белгилүү кино адистери, коомдук ишмерлер, куудулдар, тасмада роль жараткан актёрлор, алардын жакындары жана журналисттер катышышты. Келген коноктор тасманы көрүп жатып каармандар күлүшсө кошо күлүп, ыйлашса алар менен кошо жашып отурушту.

Тасмада кыргыз маданиятынын көрүнүктүү өкүлдөрү Рахман Разыков, Гүлшайыр Садыбакасова, Гүлжамал Абдыкадырова, Жумабек Абылдаев, Акмаанай Эшбаева, Эмил Токтошев, Талант Апыев, Асел Турдалиева, Сайкал Садыбакасова, Адыл Абдувахидов, Динара Тилекеева жана башкалар роль жаратышкан. Башкы каармандардын ролун жаш актёр Болот Тилек менен жаш актриса Рахат Аксултанова аткарган.

Мазмунуна кыскача токтоло кетсек, аталган тасмада каныбызга сиңип калган түндүк-түштүк маселеси көтөрүлөт. Рахат аттуу бийкеч апасынын каршы болгонуна карабай оштук Болот аттуу жигитке турмушка чыгат. Түштүктүн салтына, анча-мынча сөздөрүнө түшүнбөгөн келин жаңы барганда бир топ кыйналат. Жолдо бара жатып жолдошунан “Барганда эмне кылышым керек?” деп сураганда, анысы “үйдү 3 жолу айланып чуркап, андан соң босогону аттайсың” деп тамашалайт. Аны түз кабыл алган Рахат үйдү айланып чуркап, элдин баарын таң калтырат. Үч күндөн соң жолдошу "Бизде жаңы келген келин саат 3тө туруп, эшиктин алдын ырдап алып шыпырат. Халат, кепич кийип албай, жакшынакай кийинип ал. Кошуналар Рахмандын келининин түзүгүрөөк кийими жок экен деп сөз кылышат" десе, келин таң атпай ырдап, сыртта уктап жаткан кайната-кайненесин чочутат. Тасма келиндин күлкүлүү, кызыктуу, аянычтуу окуяларга кабылышы менен өнүгүп отурат.

Тасманын аягында эки жаш Бишкекти көздөй жол тартышат. Бирок айылдан чыга берерде келин "бул жактан кетким келбей жатат, артка кайталы" деп, кайнежесинин "айтпадым беле, түндүктөн келин алсаңар уулуңарды баары бир алып кетет" деген сөзүн жокко чыгарат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
07.03.2014. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кино окшойт коруш керек экен.
07.03.2014. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Два коруш керек качан чыгат интернетке
07.03.2014. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болгондойгу коруш керек
Модератор admin_superstan түзөттү 07.03.2014 23:57
07.03.2014. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altynbek- - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
08.03.2014. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар ийгилик дагыда жакшы кино жарата бергиле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: