super.kg logo

Жылнаама, 8-март: Эл аралык аялдар күнү

 

* Аялдардын эл аралык күнү

* 1930-жылы, мындан 84 жыл мурун Индияда Махатма Гандинин жетекчилиги алдында жарандык баш ийбестик кампаниясы старт алган.

80 жыл мурун, 1934-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти, акын, манасчы, Уркаш Мамбеталиев Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Талды-Суу айылында төрөлгөн. 1948-жылы М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырып, армияга кеткен. Армиядан кийин Ысык-Көл облусунун драма театрында актёр болуп эмгектенген. Андан соң Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияга манасчы болуп кабыл алынган. 1991-жылы Уркаш Мамбеталиевге Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 1994-жылы Кыргыз Эл артисти ардактуу наамдары ыйгарылган. "Түгөлбай ата" сыйлыгынын лауреаты, ошондой эле Манас орденине да ээ болгон. 2011-жылы 18-июнь күнү белгилүү манасчы Уркаш Мамбеталиев каза болгон.  

* 1948-жылы, 66 жыл мурун ырчы Зейнеп Шаакеева туулган. Зейнеп айым кыргыз журтчулугуна “Он сегиз жаш” аттуу ыры менен белгилүү.

Мындан туура 31 жыл мурун, 1983-жылы “Эх, сүйүү”, “Махабат багы”, “Менин сүйүүм” аттуу ырлары менен көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө арзыган ырчы Гүланда Нарын облусунун Ак-Талаа районунда төрөлүп-өскөн. Кыргыз техникалык университетин бүтүргөн. Алгач “Ай Теңир” тобунун солисткасы болуп, кийин жеке ырчы катары белгилүү болгон.

* 3 жыл мурун, 2011-жылы Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаевага АКШнын Мамлекеттик департаменти "Эрдиги үчүн" Эл аралык аялдар сыйлыгын тапшырган. Сыйлыкты АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон тапшырса, бул аземге биринчи айым Мишель Обама да катышкан. Сыйлыкты кабыл алган Роза Отунбаева “бул бардык кыргызстандык аялдардын эмгеги” деп билдирген.

Жылнаама толугу менен бул жерде...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
08.03.2014. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aisanat - 2 күнгө БАНга!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: