“Ырдайлы, достор, ырдайлы” деген аталыштагы концерт элдин майрамдык маанайын көтөрдү (фоторепортаж)
Алып баруучулук милдетти КРнын Эмгек сиңирген артисти Турусбек Жумалиев аркалады.


Алып баруучулук милдетти КРнын Эмгек сиңирген артисти Турусбек Жумалиев аркалады.

Муңдуу ырлар залды тунжураган абалга туш кылары белгилүү. Алтынай Нарбаева репертуарындагы кезектеги ырын аткарууда.

Күмөндөр Абылов өз образында. "Үйлөнгөн күндөн тарта 1 күн 2 күн болуп саналат. Аба басымдуулук кылган жайларда күн 4-5 күн болуп эсептелет. Мен ошондо 115ке чыктым" деп элди күлдүрүүдө.

Ырчы Роза Аманова сахна артында өз өнөрүн баалагандар менен...

Адатта, учурдун талабына ылайык ырларды ырдаган ырчы Даниель эски ырлар актуалдуулугун жоготпосун далилдей алды.

Юлия Руцкая ырдап жатканда жаш бала сахнага чыгып бийлөөгө өттү. Ырчы аны менен таанышууга аракет кылып, чочутуп алгандай болду.

Бийчилер да ретро ырларга бийлешти.

Бийчилер да ретро ырларга бийлешти.

Концерттин эң колдоо тапкан номерлеринин бири "Айла жок" ыры болду. Айчүрөк Иманалиева менен Курал Чокоев аны берилүү менен аткарышты.


Көптөн бери көрүнбөй жүргөн ырчыларды ушул жерден жолуктуруу мүмкүн болду. Гүлзат Байзакова эл алдында...

Расул Маматкулов ырдагандан мурун аткарчу ырынын тарыхын айтып берип жатты. Өзгөчө "сенсиз мага дүйнө караңгы" аттуу ыр саптарына байланышкан окуя элге жакты көрүнөт.

Акыркылардан болуп Алина Жетигенова сахнага чыкты.

Зал толо эл келип, сүйүктүү ырчыларын колдоп турушту.

"Концерттин уландысы 8-март күнү орун алат" деген алып баруучулар эл менен жылуу коштошушту.
Бүгүн, 7-мартта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда “Ырдайлы, достор, ырдайлы” деген аталыштагы концерт болуп өттү. Концертти көрүүгө ашыккандардын саны көп болгонун уюштуруу тобунун мүчөлөрү билдиришти.
Концерт тууралуу айтсак, жалаң эски ырлар ырдалып, ырчылар айымдарга багыттап жылуу сөздөрдү узатып жатышты. Жаш эстрада ырчылары да эски ырларды аткарып беришти. Бул күн залда отурган айымдардын майрамдык маанайын жогорку деңгээлге алып чыкканын тануу кыйын.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(9)
anipa11

08.03.2014. 00:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Курал бугун ушул эле кийими менен Ататурк университетине келип кеткен. артист болгондон кийин артисттей болуп турдуу кийинсе болмок. мисалы клибиндеки кок костюмун жб
Beko87

08.03.2014. 03:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
anipa11, ич киймин байкабадынбы кокус?)))
tasnim

08.03.2014. 01:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эми баары калып,ошол кийими корунуп атабы козго?
infiniti

08.03.2014. 08:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аа,жакшы.
NBAA

08.03.2014. 12:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
a kana Mirbek Atabekov????
anipa11

08.03.2014. 22:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beko87, tasnim Куралга жаздым. мен аны сындадым сиздерди эмес. элден келген сындарды эл адамдары туура кабыл алып, ондошу керек, ошондо онугуу болот. сиздер сиздерге тиешелуу болбогон жазууларды окуп убакыт кетирбей жакшы китеп окунуздар демекчимин
tasnim

08.03.2014. 23:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оа туура айтасыз жакшы китеп окуш керек инсандын кийип жургон кийимине асылбай,
anipa11

09.03.2014. 11:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
артист артисттей болуш керек
anipa11

09.03.2014. 22:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курал бугун Темирлан Мукашевдин концертине катышты. 5 ага
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.