Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын катышуусунда кайрымдуулук концерти өтөт

14-март күнү Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын катышуусунда “Үмүттүн керемети” аттуу кайрымдуулук концерти өтөт. Бул тууралуу “Бакыт нуру” коомдук фондунун өкүлдөрү билдиришти.
Иш-чаранын максаты - коомдун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга болгон көз карашын өзгөртүү. Концертте балдар өздөрүнө таандык ырларды аткарып, бийлешет.
Мындан сырткары кыргыз эстрадасынын жылдыздары сахнада өнөрлөрүн тартуулашат. Иш-чарадан чогултулган каражат балдардын дарылануусуна сарпталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.