super.kg logo

Жылнаама, 11-март: Мындан 11 жыл мурун Ташкентте кыргыз-өзбек чек арасынын талаш маселелери боюнча эки өлкөнүн өкмөт аралык кезектеги жыйыны башталган

 
 * Мындан 41 жыл мурун, тактап айтканда, 1973-жылы ЖКнын депутаты Жыргалбек Саматов Ош облусунун Өзгөн районунда жарыкка келген. Ал 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин экономист адистиги боюнча, 2006-жылы Орусия президентине караштуу П.А.Столыпин атындагы Мамлекеттик кызматтын Поволжье академиясынын юридика факультетин бүтүргөн. 2009-жылы КРнын ТИМине караштуу Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер факультетине тапшырган.
Жыргалбек Саматов 1996-2005-жылдары жеке ишкер, 2005-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын кеңешчиси, 2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында УОИР башчысынын орун басары болуп эмгектенген. 
2011-жылы Жыргалбек Саматов "Ата Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка шайланган. Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин мүчөсү.
Жыргалбек Саматов эл аралык жана мамлекеттик дипломдор, Ардак грамоталар, медалдар, ордендер менен сыйланган.
* 2003-жылдын 11-мартында Ташкентте кыргыз-өзбек чек арасынын талаш маселелери боюнча эки өлкөнүн өкмөт аралык кезектеги жыйыны башталган.
* Мындан 5 жыл мурун, 2009-жылы 11-мартта мурунку тышкы иштер министри жана оппозиция лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкуловго “киши өлтүрүүгө катышуу” боюнча айып тагылгандыгы жар салынган. 
* 1914 жылы 11-мартта орус географы жана коомдук ишмер Пётр Семёнов-Тянь-Шанский көз жумган.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: