Бишкекте жол кырсыгы катталып, бир адам каза тапты
Бишкекте жол кырсыгы катталып, бир адам каза тапты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы бүгүн, 11-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, 10-март күнү саат 18:15 чамасында 40 жаштагы Зайырбек Фольксваген Пассат унаасы менен жөө адамды сүзүп алган. Анын кесепетинен 66 жаштагы Кызылгүл алган жараатынан улам ошол жерде каза болгон.
Бул жол кырсыгы Түштүк магистралы менен Садыгалиев көчөсүнүн кесилишинде катталган.
Учурда унаа айып жайга киргизилип, тергөө жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.