Панфилов районунда унааны тоногондор кармалды
Панфилов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө
Кайыңды шаарында унаадан баалуу буюмдар уурдалгандыгы тууралуу
маалымат түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Чүй ОИИББинин маалымат кызматы
билдирди.
Автор: Дамира Арстанова
Маалыматка ылайык, түнкүсүн белгисиз бирөөлөр Эмгек көчөсүндө токтоп турган унаанын терезесин сындырып, автомагнитофонун, запастагы дөңгөлөгүн жана дөңгөлөк желдеткичин уурдап, жабырлануучуга жалпысынан 5 миң сомдук зыян келтиришкен.
Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип Киров айылынын 22 жаштагы тургундары кармалып, буюмдар ээсине кайтарылып берилген. Учурда шектелгендерге КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.