Бишкекте Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгышты



Бишкекте бүгүн, 12-мартта Башкы прокуратуранын имаратынын алдына камактагы депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгышты. Алар Келдибековду ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарып, баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылышууда. 600дөй жаран чогулган митингди милиция кызматкерлери көзөмөлдөөдө. Митингчилер башкы прокурор Аида Салянованын эл алдына чыгуусун талап кылышууда.
Белгилей кетсек, 13-январда Келдибековдун бутуна жана колуна операция жасалган.
Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан 20-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков камакка алынган. 22-ноябрда Октябрь райондук соту депутатты баш коргоо чарасы менен 2 айга камоо чечимин чыгарган.
А.Келдибековдун тарапташтары митинг өткөрүп жатышат
Автор: Кутмырза Жакыбалиев
Оператор: Азамат Бакиров
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

