Эртең куудул Күмөндөр Абылов биринчи жолу режиссёрлук кылган "Сүйүү жазы" аттуу лирикалык комедиянын бет ачары өтөт

Эртең, 13-мартта саат 14:30да "Манас" кинотеатрында белгилүү актёр, куудул Күмөндөр Абылов тарткан "Сүйүү жазы" аттуу лирикалык комедиянын бет ачары болот. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта маалымат жыйынында белгилүү болду.
Автор: Нургазы Аматов
Күмөндөр Абыловдун айтымында, тасманын башкы режиссёру өзү болду. Ал эми экинчи режиссёрдун кызматын Бакыт Мукул аткарган. “Сүйүү жазы” комедиясы
кыргыз менен казак элинин ортосундагы биргелешкен биринчи долбоор деп эсептелинет.
Сценарий 2 жыл ичинде жазылган. Анын жанры - лирикалык комедия. Негизги темасы - сүйүү. Мындан тышкары үй-бүлө, бойдокчулук менен күрөшүү, жашы өтүп калган
адамдардын бойдокчулугу сыяктуу маселелер чагылдырылган.
“Учурда Кыргызстанда, биз байкап жаткандай, чет өлкөдөн келген терс таасирлүү агымдар үй-бүлөнүн пайдубалын бузуп жатат. Ушул тасма менен коомдун оюн туура жакка өзгөртөбүз деп жатабыз”,- деди Күмөндөр Абылов.
Белгилей кетсек, тасма 2013-жылдын 9-июнунда тартылып баштаган. Ага 155 миң АКШ доллары сарпталган. Тасма Бишкек, Ысык-Көл жана Алматыда тартылган. Ал казак жана орус тилдерине которулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
3

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.