super.kg logo
  Саясат  

Митингчилер: "Келдибеков ооруп жатып камакта отургудай Батукаевден жаман иш кылдыбы?"

 

Бишкекте бүгүн, 12-мартта Башкы прокуратуранын имаратынын алдына камактагы депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгышты. Алар Келдибековду ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарып, баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылышууда. 600дөй жаран чогулган митингди милиция кызматкерлери көзөмөлдөөдө.

Митингге келген жарандар өз пикирлерин айтышууда. Алардын бири: "Азыркы тапта жарандык согуштун алгачкы учкундары көрүнүп жатат. Учкун жалынга айланып кетиши мүмкүн. Мына, Украина кандай болуп жатат? Сирия, Ооганстан кандай болду? Ушулардын баары кичинеден башталып, жарандык согушка өтүп кеткен. Бийликтеги адамдардын тазалыгын текшерип, анан шайласаңар",- деген оюн айтты.

Митингге активдүү катышып жаткандардын бири нааразылык акцияны өткөрүүгө уруксат алганын айтып: "Эгер кылмышкер өлкөдөн чыгып бара жатса, тергөө ишине тоскоолдук кылса гана сот чечим чыгарат эле. Келдибеков кандайдыр бир себептер менен эркинен ажыратылып, камакта отурат. Бул оппозицияга болгон куугунтукпу же саясий куугунтукпу? Биз коррупция менен күрөштү колдойбуз. Мына, дүйнөлүк масштабдагы кримчөйрөнүн өкүлү Батукаев бошотулду, ага унчугушкан жок. Мына ошолор эмнеге чет өлкөдө жүрүшөт? Келдибеков андан жаман иш кылдыбы? Азыр Башкы прокуратура депутатты баш коргоо чарасы менен үй камагына чыгарсын. Андан кийин тергөөдө кандай чечим чыкса да, биз макулбуз",- деп кошумчалады.






А.Келдибековдун тарапташтары митинг өткөрүп жатышат

Автор: Кутмырза Жакыбалиев
Оператор: Азамат Бакиров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: