"Өзүнүн 3 жашар кызын зордуктаган" деп шектелген жарандын иши кыргызчылык менен кечеңдеп жатат

"Бул иш Биринчи Май райондук сотуна келип түшөт. Анда судья ал ишти карап чечим чыгарганга аракет кылат. Бирок соттолуучунун тарапташтары кыргызчылыкка алдырышып, судьяга ишенбөөчүлүк жарыялашат. Учурда "Ү.Сакатаевдин күнөөсү жок" деп далилдөөгө аракеттенишүүдө. Биринчи Май райондук сотунун судьясына ишенбей, Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылышкан. Бирок сот алардын арызын канааттандырган эмес. Алар ага да макул болбой, Жогорку Сотко кайрылышкан. Жогорку Соттун жазык иштер боюнча соттук коллегиясы көзөмөл арызын 4-мартта карап, Биринчи Май райондук сотунун 2013-жылдын 4-декабрындагы жана Бишкек шаардык сотунун 2014-жылдын 23-январындагы аныктамасын күчүндө калтырды. Бул кылмыш иши катары каралат. Буга чейин айыпталуучулардын адвокаттары соттун өкүм чыгарышына тоскоолдук кылып, созуп келе жатышкан",- деди Айнура Токтошева.

кечирилгиз куйноо
Провокацияга жол жок!
Көпчүлүккө таандык этика нормаларын бузбаганга аракет кылсаңар.