super.kg logo

Жылнаама. 14-март: Мындан 87 жыл мурун Бишкекте советтик полководец Михаил Васильевич Фрунзенин үй-музейи ачылган

 
 * 1927-жылы 14-мартта советтик полководец Михаил Васильевич Фрунзенин музейи борбор шаарда салтанат менен ачылган. Михаилди тарбиялаган бала баккыч Мишинанын айтуусуна ылайык, болочок аскер башчы жарык дүйнөгө келген бөлмө жасалгаланып, музей шекилине келтирилген. Музей Фрунзенин үй-бүлөсү жашаган үйдө орун алып, кийин ал жерге азыркысы курулган.
* Мындан 70 жыл мурун, 1944-жылы Кыргызстан жергесинде териси баалуу айбанаттарды асыроо максатында Чүй жана Ысык-Көл облустарына ондатрлар коё берилген. Териси баалуу айбанаттарды алып келүү, аларга көзөмөл кылуу ишин Кыргыз чийки зат камсыздоо конторасы жүргүзүп, адегенде Кыргызстанга 500 баш айбанат жеткирилген. 
* 1980-жылдын 14-мартында ырчы Гүлзада Рыскулова Ош облусундагы Өзгөн районунун Чымбай деген айылында жарыкка келген. Ал Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык бөлүмүн аяктаган. Гүлзада Рыскулова алгачкы эле ырдап чыккан "Мен кыргыздын кызымын" аттуу ыры менен элдин эсинде калган. Учурда ырчы кыргыздын нукура күү, дастандарын дүйнөгө тааныткан "Ордо сахна" фольклордук-этнографиялык тобунда эмгектенет.
* 2004-жылы 14-мартта Владимир Путин 2-мөөнөткө Орусиянын президенти болуп шайланган.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: