Кыргызстанга Польшадан карагаттын жаңы сорттору алынып келинет
"Карагат+" программасынын алкагында Кыргызстанга Польшадан карагаттын жаңы сорттору келет",- деп билдирди бүгүн, 14-мартта Питомниктер ассоциациясынын президенти Данияр Жасоолов.
Автор: Дамира Арстанова
Анын айтымында, алынып келүүчү сорттордун өзгөчөлүктөрү - ташууга ылайыктуулугу, даамдуулугу жана ар кандай ооруларга туруктуулугу. “Быйыл көчөттөрдүн өздүк баасын (70 сом) фермерлер төлөп, ал эми транспорттук, бажы жана башка төлөмдөр программанын алкагында жүргүзүлөт”,- деп белгиледи Д.Жасоолов.
Быйыл 15 демонстрациялык аянтчалар уюштурулуп, ал жерлерге карагаттын көчөттөрү программанын алкагында берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

