Футбол боюнча улуттук курама команда “АФКнын Чакырык кубогу-2014” мелдешине даярдык алкагында Ооганстан менен беттешет
Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курама командасы “АФКнын Чакырык кубогу-2014” мелдешинин финалдык баскычына даярдыгынын алкагында Ооганстан менен беттеш өткөрөт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, беттеш 13-апрелде Кабул шаарында орун алат.
Эске салсак, “АФКнын Чакырык кубогу-2014” мелдешинин финалдык баскычы 19-30-май аралыгында Мальдив аралдарында болмокчу. Анда Кыргызстан курама командасы Мальдив, Палестина жана Мьянма курама командалары менен “А” тайпасында орун алган. Ал эми Ооганстан бул мелдеште “В” тайпасында жайгашкан. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.