Японияда зилзаладан 18 адам жабыркады
Японияда болгон жер силкинүүдөн 18 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 14-мартта Япониянын Сикоку, Кюсю жана Хонсю аралдарынын ортосунда күчү 6,1 баллга жеткен жер силкинүү катталган. Анын кесепетинен 18 адам жабыркап, ар кандай жаракаттарды алышты. Мындан сырткары Хиросима шаарында 8 миң үй-бүлө жарыксыз калды.
Энергетикалык компаниянын маалыматы боюнча, АЭСке эч кандай зыян болгон эмес. Япония метеорологиялык башкармалыгы жакын арада бул аймактарда жер силкинүү катталарын кабарлоодо.
Эске салсак, 2011-жылы 11-мартта Японияда күчү 9 баллга жеткен жер титирөө болуп, анын айынан катуу цунами жаралып, “Фукусима-1” АЭСи кырсыкка кабылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Alicia

14.03.2014. 14:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kudai saktasyn
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.