Чүйдө "30 миң сом уурдаган" деп шектелип 14 жаштагы бала кармалды
Чүй районунда "30 миң сом уурдады" деген шек
менен 14 жаштагы мектеп окуучусу кармалды. Бул тууралуу Облустук ички иштер
башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка ылайык, милицияга
39 жаштагы Чүй айылынын тургуну кайрылган. Ал 28-февраль күнү саат 18:00 чамасында белгисиз адамдар анын үйүнө кирип, 30 миң сом өлчөмүндөгү акча
каражатын уурдап кетишкенин айткан.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө өспүрүмдөрдүн
иштери боюнча инспекциянын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү окуучу
кармалды. Ал күнөөсүн моюнуна алып, бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.