super.kg logo

Бишкекте телефон уурдоо фактылары боюнча 4 жаран колго түшүрүлдү

 
Бишкекте телефон уурдоо фактылары боюнча 4 жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу 14-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, милицияга Лебединовка айылынын К.Нургүл аттуу тургуну кайрылган. Ал 18-20 жаштардагы 4-5 белгисиз бала 1998-жылы туулган уулу М.Арсендин 3000 сомдук уюлдук телефонун тартып алганын айткан. Бул кылмышка шектүү деп 18 жаштагы Э.Сарынжы менен Т.Жаныбек кармалып, убактылуу кармоочу жайга жеткирилди.

Ошондой эле укук коргоо органдарына борбор калаанын 30 жаштагы тургуну М.Людмила кайрылып, белгисиз адамдар анын үйүнөн 4600 сомдук телефонун уурдап кетишкенин айткан. Бул фактыга шектүү деп Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан Р.Александр колго түшүрүлдү.

Мындан сырткары милицияга Бишкек шаарынын 20 жаштагы жашоочусу Т.Бакыт арыз жазган. Ал "Орто-Сай" базарынын айланасында белгисиз адамдар анын уюлдук аппаратын тартып алганын айткан. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө уурулукка шектелип 22 жаштагы Н.Арсен кармалып, иликтөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.03.2014. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой бой Кыргызстанда уурулар толуп кеткен го
16.03.2014. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eger mymkyn bolso uurulardyn syrottoryn dagy kirgizip koisonor,mojet taanyp kalabyz! menda aldyryp koidum ele,uurunun kebetesi dale esimde!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: