super.kg logo

Жылнаама. 15-март: Мындан 3 жыл мурун “Альфа Телеком” ЖЧКсынын башчылыгына Андрей Силич кайрадан бекитилип, “Мегаком” компаниясынын тегерегинде талаш курчуган

 
* Мындан 69 жыл мурун коомдук-саясий ишмер, Кыргызстандын экинчи президенти Курманбек Бакиевдин экс-кеңешчиси Үсөн Сыдыков туулган.
* 1953-жылы 15-мартта 5-чакырылыштагы "Ата Журт" фракциясынан ЖКнын депутаты Нарынбек Молдобаев Нарын шаарында жарыкка келген. Жогорку билимдүү. 1982-жылы С.М.Киров атындагы Казак мамлекеттик университетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1973-жылы контролёрлуктан баштаган. 2007-жылдын декабрында IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Өнөр жайын өнүктүрүү, соода, туризм, чакан, орто бизнес, транспорт, коммуникациялар жана архитектура комитетинин төрагасынын орун басары, Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болгон.
Ал эми 2010-жылдын октябрында "Ата Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү.
* Мындан 32 жыл мурун "Сага", "Махабатым" жана башка ырлары менен көпчүлүктүн көңүлүн бура алган, башка ырчылардан айырмаланып ар дайым жандуу үн менен ырдап келген эстрада ырчысы Өмүрбек Андарбеков Талас шаарында төрөлгөн. Кыргыз улуттук университетинин экономика бөлү­мүн аяктаган. 
 * 2011-жылы 15-мартта “Альфа Телеком” ЖЧКсынын башчылыгына Андрей Силич кайрадан бекитилип, “Мегаком” компаниясынын тегерегинде талаш курчуган.
* Мындан 70 жыл мурун, тагыраагы, 1944-жылы 15-мартта “Даңазалуу кылым” сериалында Сулейман султандын энесинин ролун аткарган түрк актрисасы Небахат Чехре Кара деңиздин жээгиндеги Самсун шаарында төрөлгөн. 15 жашында “Түркия периси” наамын алгандан кийин фотомоделдик кесипти аркалай баштаган. Актриса бизге “Тыюу салынган сүйүү” сериалынан кийин таанымал болгон. 

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: