Мелис Турганбаев: “Кыргызстанда Украинадагыдай баш аламандыктын болушуна себеп жок”
Бүгүн, 14-мартта Бишкек ШИИББинин башчысы Мелис Турганбаев “Кыргызстанда Украинадагыдай төңкөрүштүн болушуна себеп жок” деп журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү Бишкектеги гарнизондук бөлүштүрүү Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн. Иш-чара “Эл менен милиция бирге” ураанынын астында болуп өттү.
“Жакында координациялык борбор түзүлгөн. Ага милиция кызматкерлери, күзөт агенттиктери, коомдук түзүлүштөр жана башка күчтөр кирген”,- дейт Мелис Турганбаев.
Мындан тышкары ал “милиция кызматкерлери Бишкекте коомдук тартипти сактоого даяр” деп маалымдады.
Мелис Турганбаев: "Бишкекте митинг болсо, милиция кызматкерлери коомдук тартипти коргоп берет"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

16:28
2025-07-04
Рейтинг:
0

