Индияда эки баштуу ымыркай төрөлдү

Индияда 28 жаштагы Урмила Шарма аттуу айым эки баштуу кызды төрөдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, учурда ымыркай жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ымыркайдын эки башы жана эки моюну бар. Дарыгерлердин айтымында, эгер эне кош бойлуу учурунда УЗИден текшерилгенде, ичиндеги баланын оорулуу экенин аныктап, аборт жасатып салмак.
“Келин акча каражаты жок болгондуктан, УЗИден өткөн эмес. Азыркы учурда Урмила Шарма эмне кыларын билбей жатат”,- деп жазышты ММКлар.
Белгилей кетсек, 2002-жылы Бразилияда эки баштуу ымыркай төрөлүп, эки күндөн соң каза тапкан.
Индияда эки баштуу ымыркай төрөлдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:12
2025-07-01
20:26
2025-07-01

Рейтинг:
-1

кудай сактасын
элди ыйманга, тынчылыкка чакырган кабар...
Дүйнө тынч болсунчу, ар бир адамдын жүрөгүндө ыйман орун алсын
Ар бир кулгонубуздо рахмат айтпайбыз??!!
Арка.Достук ,
кудай сактасында андай нерселерден.