super.kg logo

Аба ырайы: 17-мартта күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолорго кар түшөт

 

17-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактардын жолдору тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз +15°C, түнкүсүн +4°C

Талас облусу. Күндүз +15°C, түнкүсүн +3°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +16°C, түнкүсүн +5°C

Баткен облусу. Күндүз +14°C, түнкүсүн +5°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн +1°C

Нарын облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн -8°C

Бишкек шаары. Күндүз +14°C, түнкүсүн +4°C

Эскертүү!

2014-жылдын 16-17-март күндөрү абанын температурасынын жогорулашына, жаап жана күтүлгөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, 145-150-чакырымдары), Каракол - Эңилчек (45-90-чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100-чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл. 

Ошондой эле 16-марттан 19-мартка чейин Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу ойдуң жерлерди суу каптоо коркунучу сакталат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: