super.kg logo
  Саясат  

Украиналык 16 жаштагы бала "Путин мени алдаган тура" деп, ал белек кылган кол саатты кайтарып берди

 

Бүгүн, 17-мартта чет элдик маалымат каражаттарына 16 жаштагы баланын "Путин мени алдаган тура" деп, мындан 10 жыл мурун ал белек кылган кол саатты кайтарып бергендиги тууралуу видеокайрылуу жарыяланды. 

Видеокайрылууда "Мен 10 жыл өткөн соң сиз белек кылган кол саатты кайтарып берүүгө аргасыз болдум. Бул саат бүгүнкү күндө сыймыктануунун эмес, алдоонун предмети болуп саналып калды” деп айтылып, 10 жыл мурунку окуя эске салынат.

Окуучунун “Орусиянын президенти эмне тууралуу кыялданат?” деген суроосуна Путин “дүйнөдөгү бардык балдар, ата-энелер бактылуу жана тынчтыкта жашаса деп кыялданам" деген жоопту узаткан экен. 6 жаштагы баланын суроосун жактырган президент ага президенттик кол саат белек кылгандыгы көрсөтүлөт.

"Көрсө, сиз мени алдаган турбайсызбы. Эгер Путин менен бетме-бет жолугууга мүмкүнчүлүк түзүлсө, бетине "сиз алдамчысыз" деп айтмакмын",- деген. 

Кызыгы, ошол маалымат жыйынында Путин СССРдин урашы тууралуу сөз кылган экен.

Видеокайрылуунун аягында бала жашынан Украинаны сүйүп өскөнүн, тынчтыкты сүйөрүн жана өз өлкөсүн сактоого бек турарын билдирген.






Украиналык 16 жаштагы бала "Путин мени алдаган тура" деп, ал белек кылган кол саатты кайтарып берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: