Эртең Нооруз майрамына карата өтүүчү концертке катышуу үчүн Кубаныч Сатаев, Нурлан Насип жана башка эстрада жылдыздары АКШга учуп кетишет
АКШга барып, Нооруз майрамын жердештери менен бирге майрамдай турган ырчылардын саны быйыл сегизди түзөт.

Эртең, 18-мартта эстрада жылдыздары Алтынай Нарбаева, Аскат Мусабеков, Кубаныч Сатаев, Кубаныч Ажыбаев, Кундуз Канатбек кызы, Нурлан Насип, Сайкал Садыбакасова жана Элмирбек Иманалиев АКШга учуп кетишет. 8 кишиден турган топ АКШда жүргөн кыргыздар үчүн Нооруз майрамына карата жандуу үн менен концерт тартуулашат. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Кубаныч Сатаев SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, концерттер чоң-чоң залдарда уюшулат жана жылдагыдан көп сандагы ырчылар катышууда. “Бизге маалым болгондой, 21-мартта Чикагодо, 22-мартта Нью-Йорк шаарында, 23-мартта Филадельфия шаарында ырдайбыз”,- дейт ал.
Кошумчалай кетсек, мындай маанидеги иш-чараларды АКШдагы “Кыргыз, салам!” бирикмеси 5 жылдан бери уюштуруп келет. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
4

Комментарийлер(4)
feruz1

17.03.2014. 12:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы ак жол
Gulmirahon

17.03.2014. 13:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолунуздар шыдыр болсун!!!
Aydan

17.03.2014. 17:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперден супер жанылык кооооо! азаматтар ак жол каалайм! кыргыз туугандарга салам бизден!
Jeki

19.03.2014. 11:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
охоо катуу кекткен го кыргыздарым азамат!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.