super.kg logo

Бишкектеги опера жана балет театрында 19-март күнү Вена балы өтөт

 

Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында 19-март күнү “Кыргызстандагы Вена балы борборунун” ачылышы өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти. 

Маалыматка ылайык, балга илим, билим, маданият, дипломатиялык корпустар, саясат жана башка интеллигенттердин катышуусу күтүлөт. “Кыргызстандагы Вена балы борборунун” ачылышында кийимге өзгөчө көңүл бурулуп, дресс-коддун сакталышына маани берилет. 

Балдык бийлерди баштагандар, бий өнөрүнүн дасыккан чеберлери бийлерин симфониялык оркестрдин коштоосунда тартуу кылышат. Иш-чара КРдагы Социалдык өнүгүү жана ишкердик институту менен биргеликте жүзөгө ашып жатат. 

Вена балынан түшкөн каражаттар Ош, Жалал-Абад облустарындагы мектеп-интернаттарга, Ош шаарындагы көрүүсү начар жана көзү азиз балдар мектебине которулат.

Вена балы – Австриянын борбору Вена шаарында бал мезгилинде (бал мезгили 11-ноябрда башталып, февраль айынын ортосуна чейин уланат) өтүүчү, салтка айланып калган ар кандай балдар. Кээ бир балдар мындан башка убакытта деле өтө берет. Мындай кечелердин түпкү тамырын XIX кылымдын биринчи жарымынан издесе болот. Ал убакта өтүп турган балдарга аристократтардан баштап жөнөкөй адамдарга чейин катышышчу. Бул жөрөлгө уланып отуруп, ушул эле кылымдын акырында Сарай балын өткөрүп туруу адатка айланган.  1877-жылдын 11-декабрында бал Венадагы опера театрында өткөрүлгөн. 1921-жылы Сарай балы эмес, Опера балы деп анын аталышы өзгөрөт. Анткени бий кечеси мындан кийин хан сарайда эмес, опера театрында өтмөк болот. 1935-жылы алгач ирет расмий аталыштагы Вена балы өткөрүлгөн. Балдын негизги элементи – Вена вальсы. Азыр айтылуу Вена балы 200 жашка чыгып калды. Австриянын маданий мурасы катары ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине да киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: