super.kg logo

19 жаштагы Улан Өмүрбеков «Mister Global International'-2014» сынагына Кыргызстандын атынан катышат

 

19 жаштагы Улан Өмүрбеков мырзалар арасында өтүүчү эл аралык сынакка Кыргызстандын атынан катышат. Бул тууралуу 17-мартта SUPER.KG порталына "IDOL Fashion Management'' моделдик агенттигинен билдиришти.

Маалым болгондой, эл аралык деңгээлде өтүп жаткан сынакка Кыргызстан биринчи жолу катышып жатат. “Улан Кыргызстандагы мырзалар арасындагы сынактарга катышып келген. Ал "Нарын мырзасы" наамынын ээси болуп саналат. Атайын түзүлгөн комиссия тарабынан тандалып алынган жана сынакка катышуу үчүн эртең, 18-мартта жөнөп кетет. 28 өлкө катышкан сынактын башкы байгеси 15 миң долларды түзөт. Мындан сырткары жеңүүчү 50 миң долларлык келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк алат. Негизинен мырзалардын бою 180 сантиметрден кем эмес жана жашы 18ден жогору болуп, спорттук дене түзүлүштө болушу шарт”,- деп айтылат маалыматта.

Катышуучулар улуттук кийим, fasion show, ич кийимдер сынагы жана смокинг кийими боюнча өздөрүн көрсөтүшөт. Сынактын жүрүшүндө эң жакшы видеоролик, интервьюлар аныкталып, мыкты жетилик (топ 7) түзүлөт.

«Mister Global International'-2014» сынагы 21-27-мартта Таиландда орун алат. Катышуучуларды социалдык тармактарда онлайн добуш берүү аркылуу колдосо болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(5)
17.03.2014. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик анда ак жол сага.
17.03.2014. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
удачи
17.03.2014. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Boju menin ojumcha 180 cm oodo bolushu saryl degen tuura go deim.
17.03.2014. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aisanat, сунушуңуз эске алынды.
17.03.2014. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ushuncha olko katyshyp shatyp aran 15 min dollarby.Germanijanyn shylda otuuchu Top Model synagynda shenuuchu 100min euro alat. Andan syrtkary Kosmopolitan shurnalynyn coverine chygat.Andan syrtkary ar shyly ar bashka Shakshy duinoluk Modeldik agentter menen Dogovor tusulot.Aga salyshtyrmaluu bash baige ajabai as eken. Kantse da ijgilik.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: