Сокулук районунда өрттөн 75 жаштагы пенсионер каза болду
Сокулук районунда өрттөн улам 75 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 23-декабрда Сокулук районундагы Туз айылынын Алтынбек көчөсүндө өрт кырсыгы катталды. Өрттөн улам үй ээси, 75 жаштагы Карыбек Иманалиев каза болгон. Алдын ала маалыматка ылайык, кырсыкка мештин түтүн чыгуучу системи туура эмес курулгандыгы себеп болгон. Маркум көмүрдөн чыккан иске ууланып калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.