Бишкекте "пенсионерди тоногон" деген шек менен 25 жаштагы жигит кармалды
Бишкекте "пенсионерди тоногон" деген шек менен 25 жаштагы жигит кармалды. Маалыматка ылайык, 79 жаштагы А.Зоя “Будённый атындагы көчөдө жайгашкан №51-мектептин жанында бейтааныш жигиттер күчкө салып документтеримди жана капчыгымды тартып алышты” деп милицияга кайрылган.
Ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип 25 жаштагы С.Азиз колго түшүрүлдү. Ал Жалал-Абад облусунун тургуну экени белгилүү болду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.