Ошто "Ынтымак" телеканалы обого чыга баштады
Ошто 20-декабрдан баштап 58-каналдан “Ынтымак” телеканалы көрсөтө баштады. Бул тууралуу “Журналисттер” коомдук уюму билдирди. Телеканалдын техникалык директору Данияр Садиевдин айтымында, “Ынтымак” Ош шаарын жана ага жакын жайгашкан айыл-кыштактарды камтып, 1 миллиондон ашуун көрүүчүгө кызмат көрсөтүүдө. Жакынкы күндөрдө Жалал-Абад, Баткен облустарына көрсөтүү пландаштырылууда. Телеканал кыргыз, орус, өзбек тилдеринде обого чыгып жатат. Жакында төрт сааттык таңкы берүү, бөбөктөргө жана жаштарга арналган көңүл ачуучу программалар көрсөтүлө баштайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.