Улуттук китепканада Альберт Эйнштейндин 135 жылдыгына карата сүрөт көргөзмөсү өткөрүлүүдө
Биринчи жубайы Милева Марич менен.


Биринчи жубайы Милева Марич менен.

Милева Марич уулдары Эдуард жана Ганс Альбеттер менен.

Альберт Эйнштейн жумуш үстүндө.

Бактылуу жубайлар Альберт жана Эльза Эйнштейн.

Эйнштейндин акыркы сүйүүсү.
Улуттук китепканада физик-теоретик Альберт Эйнштейндин 135 жылдыгына карата сүрөт көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, көргөзмөгө Эйнштейндин жыйнактары, биографиялык материалдары коюлган. Иш-чара марттын соңуна чейин созулат.
Альберт Эйнштейн 1879-жылы Германиянын Ульм шаарында жарыкка келген. Ал заманбап теоретикалык физиканын негиздөөчүсү. Анын физика тууралуу 300дөн ашык илимий эмгектери, тарых жана философия илимдери боюнча 150дөй китептери бар. Альберт Эйнштейн 1921-жылы физика илимине кошкон салымы үчүн "Нобель" сыйлыгы менен сыйланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.