super.kg logo
  Саясат  

А.Жээнбеков: "Парламент өкмөттүн ишине жөнү жок кийлигишпейт, бирок өлкө турмушуна, калк кызыкчылыгына тиешеси бар маселелерден четте калбайт"

 
ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 31-октябрда парламенттин жыйынында КРнын Премьер-министринин аткаруу бийлигиндеги кадрдык алмашуулар тууралуу маалыматын угууну жыйынтыктап жатып, төрага Асылбек Жээнбеков парламент өкмөт курамын түзүп бергенден кийин, алардын ишине жөнү жок кийлигишпей келгендигин, мындан ары да кийлигишүү ойдо жок экенин баса белгиледи. Ошону менен бирге төрага аткаруу бийлигинин бардык тармагында өз ишинин чыныгы профессионалдары гана иштөөгө тийиш деген оюн билдирди. "Бирок Жогорку Кеңеш депутаттарынын эл өкүлү катары көзөмөлдүк ыйгарым укугу болгондуктан, өлкө турмушуна, калк кызыкчылыгына түздөн-түз тиешеси бар маселелерден таптакыр эле четте калбай, өз пикирин ачык-айкын билдирүүгө акылуу",- дейт А.Жээнбеков. "Бүгүн өкмөт башчысынын маалыматын угуп, өз ара пикир алышканыбыз дурус болду. Премьер-министр дагы, депутаттар дагы көңүл өйүгөн бир катар маселелердин түйүнүн чечип алды, бир топ талаш маселелердин башы ачылды, бири-бирибизди жакындан түшүнүшүп алдык. Мындан ары да дал ушундай биргелешип иш алпарсак, өлкө экономикасы өйдөлөп, калк турмушу жакшырат", - деп кошумчалады төрага өз сөзүндө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: