Орусияда мигранттарды мас абалында ур-токмокко алган жергиликтүү жарандарга карата кылмыш иши козголду
15-марттын түнүндө Орусиянын Ленинград облусуна караштуу Выборгск районунун Поляны айылында жергиликтүү жарандар курулушта иштеген мигранттарды ур-токмокко алганын орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, кылмышка шектүүлөр мас абалында кыргыз жана өзбек жарандарын токмоктогону айтылууда. Өзбекстандын 20-22 жаштардагы үч жараны, Кыргызстандын 17-20 жаштардагы эки жараны оор жаракат алып, ооруканага жеткирилишти.
Бул факты боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “курал катары колдонулган буюмдар менен бейбаштык кылуу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү 8 адам кармалып, ал эми ур-токмокту уюштурган жаран изделүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
1

Мигрантардын жаман жургондордун кесепети жакшы тынч жургон адамдарга тийип жатат.
3 күн БАН!