super.kg logo

Көркөм өнөр музейинде өтүп жаткан кыргыз чеберлеринин жарманкесинен 19-кылымга таандык буюмдарды да көрүүгө болот (фоторепортаж)

 
Чоң залдын бир бурчунан орун алган жарманке-көргөзмөдөн 19-кылымда жасалган буюмдардан тарта азыркы заманбап буюмдарды көрүүгө болот.
Көргөзмөдөн ийне-жипсиз жасалган моюн орогучтардын түрүн таба аласыз.
Кыргыздын оймо-чиймелери түшүрүлгөн, куралган жер төшөктөр.
Кыргыздын оймо-чиймелери түшүрүлгөн жана курактан жасалган жер төшөктөр.
Булгаарыдан жасалган шахмат.
Табигый жүндөн жасалган оюнчуктар.
Кийизден жасалган бут кийимдер үй ичинде кийип жүрүүгө ыңгайлуу.
Көргөзмөнүн жүрүшүнөн...
Кайышка тартылган сүрөт.
Кайышка тартылган сүрөт.
15 республиканын герби тартылган бул туш кийиз 1960-жылдары сайылган.
"Мындай көргөзмөлөр байма-бай уюштурулуп турса, кыргыз өнөрү өчпөйт" дешет сатуучулар бир ооздон.
Көргөзмөдөн балдардын кийимдерин да табууга болот.
Жарманкенин жүрүшүнөн...
Илбирстин сүрөтү түшүрүлгөн бут кийимдер.
Шырдактардын баасы көлөмүнө жараша 10 миңден 30 миң сомго чейин бааланууда.
Бул ат жабдыгы Ысык-Көл облусунан алынып келген.
Магниттер...
Чебер Айзада Айдарканова Ысык-Көлдүн коюнун жүнүнөн жасалган мындай эшек, кой, ит сыяктуу оюнчуктарга япондуктардан суроо-талап жогору болуп жаткандыгын айтты.
Көөкөрлөр.
Чеберлер эски буюмду жаңылап жасап, көргөзмөгө коюшуптур.
Түрдүү сайма түшүрүлгөн курлар.
Чачка тагылуучу асемдер.
Жыгачтан жасалган табактарда да кыргыздын салт-санаасы чагылдырылган.

Бүгүн, 19-мартта Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде кыргыз уздарынын колунан жаралган эмгектердин көргөзмө-жарманкеси өтүүдө. Көрүүчүлөр аталган көргөзмөдөн өлкөнүн төрт бурчунан келген уздардын эмгектерине күбө болушууда. Мындан оюнчуктардан тарта шырдак, жер төшөк, туш кийиздердин түрлөрүн көрүп жана сатып алууга болот экен. 

Көргөзмөгө Айзада Айдарканова, Бурулкан Керимбаева, Билим Жапаров, Зымырат Сакеналиева сыяктуу бир нече уздун эмгектери коюлган.

Дарыгерлик менен узчулукту бирге алып келе жаткан чебер Бурулкан Керимбаева: "Буга чейин эки кесипти бирдей алып келе жаткам. Учурда өз кесибимди биротоло таштап, кол өнөрчүлүккө баш-отум менен кириштим. Узчулук - биздин ата-бабаларыбыздан калган өнөр. Аны биз муундан-муунга өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз",- дейт.

Ал эми Таластан келген Билим Жапаров жалаң туш кийиздерди чогултат экен. "Учурда коллекциямда 50дөн ашык туш кийиз бар. Баары 19-кылымда жасалган. Элден сатып алгам. Алардын арасында чоң апам сайган туш кийиз да бар. Анда 15 республиканын герби түшүрүлгөн",- деп сыймыктануу менен айтып өттү.

Уздардын бири, Ат-Башыдан келген Зымырат Сакеналиева көргөзмөгө шырдактарын коюптур. "Бир шырдакты жасоо үчүн 6-7 ай убакыт кетет. Кеткен мээнетиңе, шырдактын көлөмүнө жараша баа коёбуз. Учурда шырдактардын баасы көлөмүнө жараша 10 миңден 30 миңге чейин бааланууда. Кардарларымдын көбү чет өлкөлүктөр. "Экологиялык жактан эң таза продукт" деп 5-6дан алып кетишет. Алар алып барып сатышат экен. Атайын "Шырдак" деген аталышта дүкөндөрү да бар экен",- деп кошумчалады. 

Белгилей кетсек, бул жарманке Аялдардын эл аралык майрамына карата уюштурулган. Иш-чара апрель айына чейин уланмакчы.






Көз жоосун алган көркөм буюмдар

Автор: Кутмырза Жакыбалиев
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
SUPER.KG видео
19.03.2014. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кандай гана коз жоосун алган буюмдар! Азыркы жаштарды кантип тартса болот?! Копчулугу бекер убакыт откормой менен алек!
SUPER.KG видео
20.03.2014. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушунчалык кооз ушунчалык жагымдуу. Негедир мага да оймо чиймелер аябай жагат.
SUPER.KG видео
20.03.2014. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун коргозмо болду коруп келдик
SUPER.KG видео
20.03.2014. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болуптур. Сайманын турлору тууралуу сюжет даярдашынар кереккен. Кызыгып калдым. Сайманын турун тигил эже шапылдап айтып салды го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: