super.kg logo

"Кыргызпатентте" Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракесине карата иш-чара болуп өттү

 

19-мартта "Кыргызпатентте" Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракесине карата иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чарага манасчылар, "Манас" изилдөөчүлөр, Алтай Республикасынан келген коомдук ишмерлер жана "Кыргызпатенттин" өкүлдөрү катышышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Алтайдан келген коноктор Наталья Токова, Ирина Кензина жана Нина Антонова Алтай менен кыргыздын маданияты, каада-салты тууралуу сөз кылышты. 

Иш-чаранын жүрүшүндө манасчылар Талантаалы Бакчиев, Дастан Бакчиев, Замир Баялиев, Самат Көчөрбаевдер "Манастан" үзүндү айтышты жана катышуучуларга "Мураскерлер: улуу жомокчулар" деген кыска метраждуу тасма көрсөтүлдү. Ошондой эле кыргыздын маданий мурастары, каада-салттары, "Манас" эпосу боюнча ар кандай талкуулар болду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: