super.kg logo

Бүгүн, 20-мартта Беловодск айылындагы мектепке чейинки балдар үйүнүн бөбөктөрү Нооруз майрамын белгилешти (фоторепортаж)

 
Беловодск мектепке чейинки балдар үйүнүн балдары берилүү менен " Манас" айтышууда.
Балдар кыргыздын кыз куумай улуттук оюнун мыкты ойношту.
Балдар кыргыздын кыз куумай улуттук оюнун мыкты ойношту.
Жарашыктуу кийинген татына кыздар чимириле бийлешти.
Келечектеги кыргыз эстрадасынын ырчылары...
Матрёшка образындагы кичинекей кыздар
Балдар оюн-зоок тартуулап, залды күлкүгө бөлөштү.
Майрамга күбө болгон баёо мүнөз бөбөктөр
Балдар үйүндө ар бир бала таланттуу.
Майрамга күбө болгон ыктыярчылар
Жагымдуу маанайга күбө болгон бөбөктөр кол чаап гана отрушту.
Балдар тарбиячылар менен бийлеп жатышат.
"Бизди тарбиячылар урушпайт, алар бизди жакшы көрүшөт",- дейт мотурайган жароокерлер.
"Мени да сүрөткө тартыңызчы..." дешет тизиле калган татына кыздар.
Балдар ыктыярчылар менен да бийлешти.
Ыктыярчылар алып барган оюнчуктарды таратуу учуру.
Бул залда балдар ойношот.
Бул балдар жасанып жүрүү үчүн уюшулган.
Балдар уктоочу бөлмө

Бүгүн, 20-мартта Беловодск айылындагы мектепке чейинки балдар үйү өзгөчө шаңга бөлөндү. Дегеним, ыктыярчылардын демилгеси менен Нооруз майрамына карата бөбөктөргө концерттик программа уюштурулуп, жагымдуу маанай түзүлдү. Келген конокторго аталган балдар үйүнүн тарбиялануучулары ырдап-бийлеп, оюн-зоок тартуулашты. 

“Беловодск балдар үйүндө 3 жаштан 7 жашка чейинки 100 бала тарбияланат. Алардын 60ка жакыны аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары. Ата-энелик укугунан ажырагандардын балдары да ушул категорияга кирет. Ал эми калган 40 баланын ата-энеси, туугандары дем алыш күндөрү келип учурашып турушат. Ал ата-энелер оор турмушка кабылып, чүрпөлөрүн биздин үйгө тапшырууга аргасыз болгондор. Бул жакта биз балдарды мектепке чейин даярдап, анан интернатка өткөрүп беребиз. Бизге жардам көрсөткөндөр көп. Ошондуктан балдар бүгүн жакшынакай кийимдерди кийип жүрүшөт. Аларга чоң рахмат!”- деди келген конокторго ыраазычылык билдирген балдар үйүнүн жетекчиси Анна Горохова.  

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: