super.kg logo

Нооруз майрамына карата "Супара" этнокомплексинде «Бешбармак Fest II» фестивалы өтөт

 
Бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамына карата "Супара" этнокомплексинде «Бешбармак Fest II» фестивалы өтөт. Бул тууралуу аталган жайдан билдиришти.
Уюштуруучулар билдиргендей, фестивалда жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн буюмдарынын көргөзмөсү, чоподон буюм жасоо боюнча мастер-класс өтөт. Бул фестиваль ар кандай таймаштар, аркан тартыш, жоолук таштамай, жаа атуу, койдун этин устукандоо жана жиликтөө, бешбармак жасоо, бозо ичмей, ат токуу боюнча сынактар менен коштолмокчу. Келген конокторго Талас бешбармагы, Нарын бешбармагы, Чүй бешбармагы, казак бешбармагы, балбан бешбармагы, күлчөтай жана улуттук суусундуктар тартууланат. Албетте, бул иш-чара концерттик программалар менен коштолуп, фестивалдын катышуучулары Шория Республикасынан келген ырчы Чылтыс Таннагашеванын өнөрүнө күбө болуп, бийчилер менен «Кара жорго» бийин чогуу бийлешет.
Иш-чаранын соңунда улуу от жагылып, "Оп майда", "Бекбекей" жана башка элдик ырлар жаңырмакчы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: