Бишкекте "Өрүкзар-2014" аттуу жаштар арасында кичи футбол боюнча мелдеш өтөт
Бишкекте 22-23-март күндөрү «Өрүкзар-2014» аттуу жаштар арасында кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлөт. Иш-чара жаштарды сергек жашоого үндөө, биримдикке, ынтымакка чакыруу менен чек арага чектеш жашаган жаштардын духун көтөрүү максатында уюштурулууда.
Мелдешке Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана студенттердин командалары катышат. Уюштуруучулар маалымдагандай, мелдеш соңунда жеңүүчү деп табылган курама командаларга сыйлыктар тапшырылат. Спорттук мелдешти өткөрүү демилгесин эл өкүлү Улукбек Кочкоров көтөргөн. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.