super.kg logo

Ырчы Назми санаалаштарынын курчоосунда туулган күнүн белгиледи

 
Назми: "Мирландын берген белектери дайыма керегиме жарайт жана көпкө эсимде калат" дейт ырчы.
Конокторду күтүп жаткан ырчы Назминин туулган күнү туугандары, кайын журту, аяштарынын курчоосунда өтүп, кызыктар менен коштолгон.

Ырчы Назми 20-мартта шаардагы караоке-клубдардын биринде санаалаштарынын курчоосунда 36-жазын тосуп, туулган күнүн белгиледи.

Туулган күнгө ырчынын туугандары, кайын журту, аяштары жана чыгармачылыктагы достору Эльмара Турсуналиева, Мирлан Жетигенов, Айгүл Чалова жана башкалар келип, ырдап-бийлеп туулган күн ээсине жагымдуу маанай тартуулашты.

Өзүбүздүн репертуардан башка ырларды ырдап, бийлеп, өтө шаңдуу отурдук. Мага өзгөчө жездем, күйөө балам жана эки досумдун жоолук салынып, беттерин боёп алышып бийлеп беришкени жакты, аябай күлдүк”,-дейт ырчы Назми.

Мирлан Жетигеновдун белегине жана куттуктоо сөзүнө токтолуп: “Досум Мирландын берген белектери дайыма керегиме жарайт жана көпкө эсимде калат. Ал мага жети жыл мурда сандыкча сыяктуу кутучаны белекке берген. Ошону азыркыга дейре колдоном. Быйыл болсо ал "керегиңе жаратып ал" деп чоң суммадагы акча карматты”,- деп кошумчалады. Ошондой эле ырчы эң мыкты белекти - Мерседес Е 320 үлгүсүндөгү унааны жолдошунан жана жеңесинен 350 долларлык корей кремдеринин топтомун алганын айтты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
22.03.2014. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туулган кунун кут болсун!
Модератор admin_superstan түзөттү 24.03.2014 10:27
22.03.2014. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туулган кунуз кут болсун дайым бар болунуз
22.03.2014. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туулган кун деген кандай жакшы кун ээ.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: