super.kg logo

Жылнаама, 23-март: Мындан 9 жыл мурун, 2005-жылы парламенттик шайлоодон кийин курчуган абалга байланыштуу президент Аскар Акаев кадрдык алмашууларды жасоого барган

 
* 48 жыл мурун, 1966-жылы 5-чакырылыштагы парламенттеги "Республика" фракциясынын депутаты Урмат Аманбаева Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Көңдүк айылында туулган.
Жогорку билимдүү, 1983-жылы Ош соода техникумунун бухгалтер адистигин, 1987-жылы КМУУнун экономика факультетин, 2005-жылы КМЮАнын юридика факультетин бүтүргөн.
Урмат Аманбаеванын эмгек жолу:
1983-1987-ж.ж. – "Фрунзе" заводу, жумушчу
1987-1988-ж.ж. – "8-Март" атындагы фабриканын жумушчусу
1988-1995-ж.ж. – Бишкек шаарындагы Жаш көрүүчүлөр театры, башкы бухгалтер
1995-2000-ж.ж. – Ош шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери үчүн атайын ооруканасы, башкы бухгалтер
2000-2004-ж.ж. – Ош облустук кургак учукка каршы балдар ооруканасы, башкы бухгалтер
2004-2010-жылдын ноябрына чейин Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору, башкы бухгалтер
2010-жылдын октябрында "Республика" партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Учурда жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.

 * 9 жыл мурун, 2005-жылы парламенттик шайлоодон кийин курчуган ички абалды калыбына келтирүү максатында президент Аскар Акаев кадрдык алмашууларды жасоого барган. Башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Мурат Суталинов келген.

Ички иштер министри Бакирдин Субанбеков башка кызматка которулгандыгына байланыштуу анын ордуна вице-премьер-министрдин жана ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп Кеңешбек Дүйшөбаев дайындалган
  * 9 жыл мурун, 2005-жылы башкы прокурордун милдетин аткаруучу Мурат Суталинов Кыргызстандагы саясий кырдаалдын курчушуна оппозиция күнөөлүү экендигин билдирген. Анын пикирине ылайык, өлкөнүн түштүгүндөгү бийлик кылмыштуу топтун колуна өтүп, оппозиция Ош жана Жалал-Абаддагы кырдаалды башкара албай калган. Башкы прокурордун милдетин аткаруучу мындай кырдаалга тиешеси бар 500 чамалуу адамга укуктук жаза колдонула тургандыгын белгилеген. Анын ичинде бийликке каршы аракет көрүп, мамлекеттик мекемелерди басып алууну уюштурган, өлкөнү баш аламандык сазына батырып, өзүм билемдикке жол берген 50дөй адамга 10 чамалуу берене боюнча кылмыш иши козголорун айткан.

 

Жылнаама толугу менен бул жакта...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.03.2014. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол кезде(2005-жылдары) бийликтин камчысын чаап жүргөндөр азыр деле жүрүшүптүр да.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: