super.kg logo

"Тамашоу": "Фристайл" сынагында "Бишкек" командасы Нурлан Мотуевди тамашага салды        

 

Бүгүн, 22-мартта Спорт Ордосунда «Тамашоу» Лигасынын 6-сезонунун жарым финалынын 1-күнү өтүүдө. Анда "Ак-Өргө city", "Позитифф", "Кыргыз двор", "Ассортти", "Айым Style", "Тамашарики", "Бишкек", "Олимпик" жана "Brooklyn" командалары финалга ат салышууда.

Командалар "Фристайл" тапшырмасы боюнча мелдешишти. Алгачкылардан болуп чыккан "Ассорти" командасы элге мыкты тамашаларды сунду. Анын артынан жалаң кыздардан турган "Айым Style" командасы чыгып, төшү жок кыздарды биригүүгө чакырды. "Олимпик" командасы биология сабагы, "Brooklyn" командасы кыз ала качуу, криминалдуу, бирок сүйүүгө берилген район тууралуу тамашаларды аткарышты.

Булардын соңунан чыккан "Кыргыз двор" курама командасы өздөрү менен кошо тоок көтөрө чыгып, айылдык жигиттин шаардыкка айланышы тууралуу тамашаны тартуулашты. Мындан cырткары Бакиевдин, Мерген Тургандын, Алмазбек Атамбаевдин сүрөттөрүн ала чыгып, тамашалуу сөздөрдү ыргытышты. Бул команданын саясат тууралуу тамашалары элге абдан жакты.  

6-класстын окуучуларынан түзүлгөн "Тамашарики" командасы коррупция, төрөт үйүнүн алдындагы окуя, саясий партиялар тууралуу тамашалары менен залды күлкүгө бөлөдү.

"Бишкек" командасындагы Айпери менен Азаматтын таланты элдин өзгөчө кол чабуусуна арзыды. Бул командадан кийин сахнадан орун алган "Позитифф" Украинадагы кырдаалды тамашага салышты.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: