"Ак-Өргө city" командасы "Тамашоудон" кетип, күйөрмандарын ыйлатты







Бүгүн, 22-мартта Спорт Ордосунда "Тамашоу" Лигасынын 6-сезонунун жарым финалы өтүүдө. Буга чейин маалым болгондой, бүгүнкү оюнда 9 команда ат салышмак. Негедир эртеден кечке 8 команда гана оюн көрсөтүп, "Ак-Өргө city" командасынын карааны көрүнбөдү. Элдин баары бул команданын сахнага чыгышын күтүп жатышты, бирок чыгышкан жок. Мунун себеби мелдештин аягында гана билинди. Көрсө, аталган команда бүгүн акыркы жолу оюн көрсөтүп, күйөрмандары менен коштошуп, атайын коштошуу ырын ырдашты.
Эл тынымсыз кол чаап сүйүктүү командасын жылуу узатса, айрымдардын ичи ачышып, жашып да алышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

кее бир ырчы жет дагы бир эл адмына окшобой
ар дайым эле сынакка атаандаша бербей булардын оорду эми жогоруда
Акылай, Актан, Такайлар эми жок (((