super.kg logo

Куурчак театрында Куурчак ойнотуучулардын күнү белгиленди (фоторепортаж)

 
Куурчактарды өз колу менен ойноткон балдардын кубанычында чек жок.
Мастер пластилинден түлкүнүн башын жасап балдарга көрсөтүүдө.
Мастер кагаз менен клейден адамдын башын жасап балдарга көрсөтүүдө.
Балдар мастерлердин жасап жаткан ишин таң калуу менен карап турушту.
Жомоктогудай жасалган бурчта балдар сүрөткө түшүп жатышты.
Жомоктогудай жасалган бурчта балдар сүрөткө түшүп жатышты.
Майрамдык салтанаттын жүрүшүнөн.
Топчубек менен Ширингүл балдарга жагымдуу маанай тартуулашууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө балдар жомоктун каармандары менен биргеликте аркан тартышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө балдар жомоктун каармандары менен биргеликте аркан тартышты.
Кыздар командасы аркан тартышууда.
Бөбөктөр "Гангнам стайл" бийин бийлешүүдө.
Бөбөктөр "Кара жорго" бийин бийлешүүдө.
Балдар спектаклди кызыгуу менен көрүп жатышты.
Куурчактарга жан киргизген актёр-актрисалар...
Куурчактарга жан киргизген актёр-актрисалар...

21-Март - Бүткүл дүйнөлүк куурчак ойнотуучу чеберлердин күнү 23-мартта Муса Жангазиев атындагы Мамлекеттик куурчак театрында белгиленди. Иш-чарага келген балдар жана алардын ата-энелери алгач театрдын залына коюлган куурчактарды ойноп, мастерлердин куурчак жасап жаткан иштерине күбө болушту. Андан соң майрамдык салтанаттын концерттик бөлүгү башталып, бөбөктөр Топчубек, Ширингүл, Түлкү, Карышкыр сыяктуу жомок каармандары менен "Гангнам стайл", "Кара жорго" бийлерин тер чыкканча бийлешти. Майрамдык иш-чаранын алкагында балдар аркан тартышып, күч сынашты. 

Концерттик программадан соң "Каардуу чал", "Теремок" спектаклдери тартууланды. Кичинекей көрүүчүлөр каармандар күлсө күлүп, кайгырса кайгырып көрүп отурушту.  

Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк куурчак ойнотуучу чеберлердин күнү Эл аралык куурчак театрынын ишмерлер союзунун демилгеси менен түзүлгөн. Бул күндү белгилөө идеясы белгилүү Иран куурчак театрынын ишмери Живаду Занфагарихого таандык. 2003-жылдын 21-мартынан бери бул майрам катары белгиленип, дүйнө жүзүндөгү куурчак ойнотуучу артисттердин башын бириктирип келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: